super.kg logo

Башкы прокуратура Арстанбаптагы селге байланыштуу кылмыш ишин козгоду

 

Жалал-Абаддын Арстанбап айылында июль айында болуп өткөн селдин себептери жана шарттары боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдары тарабынан 2006-2019-жылдар аралыгында суу коргоо зонасында жайгашкан 15 жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Андан соң Арстанбап-Сай дарыясынын жээгинде бир катар соода объектилери курулган.

"23-июлда болгон селдин кесепетинен Арстанбап-Сай дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, анын кесепетинен ички чарбалык жолдордо сел жүрүп, имараттарды, соода объектилерди жана турак жайларды сел каптап, аймакта өзгөчө кырдаал абалы түзүлгөн.

Башкача айтканда, Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” Мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жана жеке жактарга 24 миллион сомдон ашык зыян келтирилген", - деп билдиришти прокуратурадан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: