super.kg logo
  Спорт  

Нигерия улуттук курамасы кароосуз аэропортто ачка калып, футбол ойноодон баш тартты

 

Футбол боюнча Нигерия улуттук курама командасы Ливияга каршы ойноо үчүн бул өлкөгө барып, ачка калышты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Нигерия курамасы Африка Кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Ливияга каршы ойноо үчүн аталган өлкөгө учуп барган. Учак борбор шаар Триполиге конушу керек болчу. Бирок белгисиз себептерден улам учак кароосуз калган аэропортко конгон.

Мындан улам футболчулар аталган аэропортто байланышсыз, тамак-ашсыз 13 саат отурушкан. Кабыл алган өлкө транспорт дагы уюштуруп беришкен эмес.

Мындан улам нигериялыктар Ливияны жолугушууну атайылап үзгүлтүккө учураткан деп айыптап, футбол ойноодон баш тартты.

Эң кызыгы, Ливия бул окуя боюнча билдирүү жасап, "урматсыздык марафонун" биринчи Нигерия баштаганын айтып чыгышкан. Алар Нигерияга барганда дагы аэропортто кароосуз калганын айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: