super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Орусияда 9 жыл абакта отурган криминалдык авторитет абактан чыкты

 

Орусияда Шакро Молодой каймана аты бар Захарий Калашовдун оң колу деп эсептелген Итальянец каймана аттуу кримтөбөл Андрей Кочуйков эркиндикке чыкты. Бул тууралуу РЕН ТВ телеканалы жазды.

Кочуйков абактан чыгып, журналисттердин суроолоруна жооп бербестен, кара Мерседец үлгүсүндөгү унаага отуруп кеткен.

Кримавторитет 2015-жылы Москванын борборундагы Рочделская көчөсүндө болгон атышуудан кийин жазасын алган. Куралдуу жаңжалга ресторандын ээси Жанна Ким менен дизайнер Фатима Мисикованын ортосундагы чыр себеп болгон. Подрядчы тарапта Андрей Кочуйков бар болчу. Атышуулардын натыйжасында жети адам жабыркап, экөө каза болгон.

Орусиянын Башкы прокуратурасы Шакро Молодой деген каймана ат менен белгилүү Захарий Калашовду 2017-жылдын октябрында “орусиялык кылмыш дүйнөсүнүн лидери” деп тааныган. Анын оң колу болгон Итальянец укук коргоо органдары менен байланыш түзүп, "Шакро Молодойдун" коопсуздугун камсыздап келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: