super.kg logo
  Саясат  

Депутат окуучулардын тамагына бөлүнгөн акчаны көбөйтүүнү сунуштады

 

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров Билим берүү жана илим министрлигин окуучулардын тамагына бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бүгүнкү, 15-октябрдагы жыйынында айтты.

Эл өкүлү Абакиров билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевга кайрылып, окуучулардын тамагына күнүнө канча сом бөлүнөрүн сурады.

Министрдин айтымында, республикалык бюджеттен 1-4-класстын окуучуларынын тамагына күнүнө 14 сом бөлүнөт.

"Окуучулардын тамагына бир күндө 14 сом бөлөт экенбиз. Кечээ барып ал тамагын жеп көрдүм. Бул ботко жана кара чай болчу. Этке акча жетпейт экен. Ушул маселени дагы карап көрсөңүз. Көтөрүлсүн. Мүмкүн бир аз да болсо тоок эти кошулуп калсын. Анткени бул баланын ден соолугу", - деди депутат.

Ошондой эле ал окуучулардын тамактануусу алардын ден соолугуна жана билим алуусунда мааниси чоң экенин баса белгилеп өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: