super.kg logo

АКШда рэпер P. Diddy'ге каршы дагы алты адам доо арыз жазды

 

Нью-Йорктун федералдык сотуна америкалык музыкалык продюсер жана рэпер Шон Комбсту (P. Diddy) "зордуктады жана куугунтуктады" деп алты жаңы доо арыз берилди.

Алардын бири 16 жашында зордук-зомбулукка кабылганын айткан. Айрым эпизоддор, соттук териштирүүлөр Комбс уюштурган "белая вечеринкада" болгону айтылууда.

Associated Press агенттиги билдиргендей, алты доо арыздын баары коопсуздук максатында анонимдүү түрдө берилген. Алардын экөөсү аялдар, дагы төртөө эркектер тарабынан берилген. Алардын айтымында, Шон Комбс "атагын пайдаланган" жана аны зордук-зомбулукка, куугунтукка кабылган "көптөгөн иш-чараларга азгырып" карьерасында жардам берүүгө убада кылган. Кээ бир арыздангандардын айтымында, рэпер анын талабын аткаруудан баш тарткандарды же ага каршы ачык айтууну пландагандарды "өлтүрөм" деп коркуткан.

Буга чейин Комбстун апасы баласы P.Diddy монстр эмес экендигин билдирген.

Эске салсак, 18-сентябрда 54 жаштагы Шон Комбс "ири көлөмдөгү кылмыштуу иштерди уюштурган", ал адам сатуу жана башка бир катар кылмыштар боюнча айыпталган. Ал камакка алынып, Бруклиндеги федералдык түрмөдө күрөөсүз кармалып турат. Ал эми рэпер ага каршы айтылган бардык айыптарды четке каккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: