super.kg logo

Казакстандын ИИМи Талгардагы "Хуторские" аттуу кылмыштуу топ боюнча үн катты

 

Коңшу Казакстандын ички иштер министринин орун басары Бауржан Аленов Талгардагы "Хуторские" уюшкан кылмыштуу тобу тууралуу кептерге комментарий берди. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

"Өрт коюу иши жана уюшкан кылмыштуу топтун курамындагы адамдардын ар кандай аракеттери учурда такталууда. Анткени бизде “Хуторский” уюшкан кылмыштуу тобу катталган эмес", - деген ал.

Анын айтымында, кармалгандардын экөө ипподромдо, бирөө Шымбулакта жумушчу болуп, бирөө Акбулакта кароолчу, калган экөө сулуулук салонунда иштейт.

Буга чейин Талгар шаарында 14 жашар өспүрүмдү бычактагандар "Хуторские" уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү экени айтылган. Бул уюшкан кылмыштуу топко нааразы болгондор митинг өткөрүшүп, кооптонуудан улам Талгар шаарына Казакстандын Улуттук гвардиясы киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: