super.kg logo
  Саясат  

Интернеттеги жалган жалаа үчүн айып пул салуу мыйзамын тармактык комитет биринчи окууда колдоду

 

Бүгүн, 15-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде "Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун депутаттарга юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков тааныштырды.

Ага ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайттын социалдык тармактардагы баракчаларында жалган маалымат тараткан, бирөөгө жалаа жаап же аброюна шек келтирген жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушталууда.

Депутат Динара Ашимова мыйзам долбоорун ишке ашырууда жооптуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин мүмкүнчүлүктөрүн сурады.

"Учурда интернет аркылуу жалаа жабуу, каралоо учурлары көп катталып жаткандыгы анык. Бирок анын баарына мониторинг жүргүзүп, айып салууга министрлик толук жетише алабы? Бул багытта эксперттер жетиштүүбү?" деди депутат.

Эл өкүлү Алишер Эрбаев мыйзам долбоорун демилгелөөнүн максатын тактап, ар бир жаран өз ой-пикирин эркин айтууга укуктуу экендигин эске алып мыйзам долбоору толук эмес иштелип чыккандыгын белгиледи.

Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков мыйзам долбоорунун актуалдуулугуна токтолуп, бирок ошол эле учурда депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эске алынууга тийиштигин кошумчалады.

Эске салсак, аталган мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлган.

Буга чейин аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети биринчи окууда карап, колдогон болчу. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аталган мыйзам долбоорду кайтарып алууну сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: