super.kg logo

Орусиянын дагы бир шаарында мигранттардын иштөөсүнө чектөө киргизилмей болду

 

Орусиянын Омск облусунда келерки жылдан тарта жүргүнчүлөрдү ташуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода жана башка бир катар тармактарда мигранттардын иштөөсүнө тыюу салуу киргизилет. Бул тууралуу облус башчысы Виталий Хоценко социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Мен чет элдик жарандарды эмгек патенти менен жүргүнчүлөрдү ташуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, дары-дармек жана азык-түлүк өндүрүү ошондой эле социалдык кызмат көрсөтүү тармагында ишке тартууга тыюу салган жарлыкка кол койдум. Бул 2025-жылдын 1-мартынан тарта күчүнө кирет", - деп жазды ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын ондон ашык облусунда мигранттарга такси кызматында иштөөгө тыюу салынган, анын ичинде Новосибирск, Тула, Калуга, Челябинск облустары, Камчатка, аннексияланган Крым жана Якутия бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: