Таяк тартыш боюнча курама команда "Олимпия 2024" турниринде 5 алтын 1 күмүш медаль тагынышты







Кыргызстандын таяк тартыш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Лас Вегас шаарында өткөн "Олимпия 2024" турниринде 6 медаль жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Азамат Асанов 80 килограмм салмакта, Дильбара Иманканова 70 килограмм салмакта Акыл Урунбаев 110 килограмм салмакта, Улукбек Ырсыбаев абсолюттук салмак жана Дилдора Рахмонова абсолюттук салмак мелдештин жеңүүчүлөрү болушту. Ал эми Азат Таштанбеков абсолюттук салмакта 2-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, мелдеш 10-13-октябрь күндөрү өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.