super.kg logo

Орусиялык келин жаңы төрөлгөн ымыркайын Түркиянын аэропортунун ажатканасына таштап кетти

 

Түркиянын Анталья курортунан курбусу менен учуп келе жаткан орусиялык келин жаңы төрөлгөн ымыркайын аэропорттун ажатканасына таштап кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ымыркай майыптар үчүн дааратканадан тазалоо кызматынын кызматкерлери тарабынан табылган. Ал жерде 12 мүнөт турган. Тергөө учурунда баланын апасы паспорттук текшерүүдөн өтүп, Москвага уча турганы да белгилүү болгон. Ал курбусу менен бирге кармалып, жаңы төрөлгөн ымыркайга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин ооруканага жөнөтүлгөн.

Маалым болгондой, 2006-жылы туулган Орусиянын жаранына кылмыш иши козголгон.

Дипломаттар бала менен анын апасы азыр Түркиянын курортундагы ооруканалардын биринде экенин, аларга Башкы консулдуктун кызматкери барганын билдирди. Ымыркайдын ден соолугуна эч кандай коркунуч жок. Дипломатиялык бөлүм балага керектүү документтерди даярдоо боюнча чараларды көрүп, кырдаалды көзөмөлгө алууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: