"Ак шумкарлар" Бишкекте тарыхый жеңишке жетти (видео)




Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы бүгүн, 15-октябрда Дүйнө чемпиондугунун алкагында Түндүк Корея курамасын кабыл алды.
Оюн Бишкектеги "Дөлөн Өмүрзаков" атындагы стадиондо өтүп, 1:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасында аяктады. Беттештеги жалгыз голду биринчи бөлүктө Христиан Браузман киргизди.
Бул Дүйнө чемпиондугуна тандап алуунун үчүнчү раундундагы Кыргызстандын алгачкы жеңиши. Буга чейин "Ак шумкарлар" Өзбекстан, Иран жана Катарга утулган.
15.10.2024
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.