super.kg logo
  Спорт  

Түндүк Кореяны жеңгенден кийин "Ак шумкарлардын" таблицадагы орду өзгөрдү

 

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында кечээ, 15-октябрда Бишкекте Түндүк Корея курамасын кабыл алып, 1:0 эсебинде тарыхый жеңишке жетти.

Бул жеңишинен кийин "Ак шумкарлар" тайпадагы алгачкы үч упайына ээ болду. Кыргыз футболчулары буга чейин тайпада акыркы орунда болсо, үч упайдан кийин бир сапка өйдө көтөрүлдү.

Учурда Кыргыз курамасы тайпада Катар жана БАЭден кийин 5-орунда турат.

Кийинки оюнун Кыргыз курамасы 14-ноябрь күнү БАЭге каршы конокто өткөрсө, 19-ноябрда Бишкекте Иранды кабыл алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: