ӨКМ: "Төө-Ашууда унаалар бир тараптан өтө баштады"

Билдирүүгө ылайык, жакынкы убакта эки тараптуу жолду ачуу аракети көрүлүүдө.
Жеринде ӨКМден жалпы 66 куткаруучу иштеп, 14 техника тартылган. "Арал" жана "Сосновка" өтмөгүндө жылынуу пункттары уюштурулуп, куткаруучулар жолдогу жарандарга ысык тамак таратып берип жатышат. Ал эми жолдогу майы түгөнгөн унааларга күйүүчү май берилүүдө.
№9 Жол тейлөө ишканасынан 10 кызматкер, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 3 самасвал тартылып, тазалоо жумушу жүрүүдө. Мындан сырткары ИИМден 12 кызматкер, 4 экипаж жолдогу абалды көзөмөлгө алууда.
Кошумча маалымат берилет.
Белгилей кетсек, кечээ, 15-октябрда Транспорт миристрлиги Бишкек–Ош унаа жолунун 127-128-чакырымындагы Төө-Ашууда суу кар жаап, анын калыңдыгы 35-40 сантиметрге жеткендигин айткан. Анын натыйжасында жайкы дөңгөлөгү жана чынжыры жок чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, жасалма тыгын жаратып жаткандыгы белгиленген.
16.10.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.