super.kg logo

Кыргызстандык журналисттер Өзбекстанда тарыхый жайлары менен таанышып кайтышты (сүрөт)

 

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин басма сөз катчыларынын демилгеси менен 11-14-октябрь күндөрү уюштурулган пресс-турдун алкагында өлкө журналисттери Ташкент, Самарканд шаарларында болушту.

Иш-чаранын максаты жалпыга малымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда тажыйырба алмашуу, Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандарына 2 өлкөнүн туристик жайларын тааныштыруу болуп саналат.

Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз журналисттери Ташкент шаарында жайгашкан жеке менчик Sevimli.tv, Zor.tv телеканалдарына барышып, өзбек телевидениясынын өзгөчөлүктөрү менен таанышты. Ошондой эле журналисттер шаардан 65 чакырым алыстыктагы Амирсой лыжа базасына барып кайтышты. Аталган туристтик жай Өзбекстандагы эң чоң лыжа база болуп саналат. Эң бийик жери деңиз деңгээлинен 2 миң 275 метр.

Мындан тышкары кыргызстандык журналисттер туристтерди өзүнүн тарыхый курулуштары менен кызыктырган Самарканд шаарында болушту. Анда орто кылымда курулган Регистан аянты, Гур-Эмир мавзолейи жана Шахи-Зинданы көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Регистан аянты тышкы түзүлүшү бири-биринен көп айырмаланбаган үч медреседен турат. Алардын эң алгачкысы болуп Улугбек медресеси 14017-1420-жылдары салынган. Илимий борборго айланган жайды Тимуриддер мамлекетинин султаны, Амир Темирдин небереси Улугбек курдурган. Ал эми Шердор жана Тилля-Кары медреселери 17-кылымда Ялангтуш Бахадырдын башкаруусунда салынган.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын журналисттери Кыргызстанга август айында келип кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: