super.kg logo

ЖКККББ: Бишкек-Ош унаа жолу толугу менен жабык

 

Азыркы учурда Бишкек-Ош унаа жолунун “Чычкан” жана “Сосновка” көзөмөл өткөрмө жайларында унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, чектөө тоолуу аймактарда кар калың жаагандыгына байланыштуу киргизилген. Учурда жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

йдоочулардан зарылчылык болбосо алыскы аймактарга чыкпай турууну суранабыз" дешти мекемеден.

Буга чейин ӨКМ "Арал" жана "Сосновка" өтмөгүндө жылынуу пункттары уюштурулуп, куткаруучулар жолдогу жарандарга ысык тамак таратып берип жатышканын билдирген. Ал эми жолдогу майы түгөнгөн унааларга күйүүчү май берилүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 15-октябрда Транспорт министрлиги Төө-Ашууда суу кар жаап, анын калыңдыгы 35-40 сантиметрге жеткендигин айткан. Анын натыйжасында жайкы дөңгөлөгү жана чынжыры жок чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, тыгын жаратып жаткандыгы белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: