super.kg logo

Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча иш сотко өттү

 

Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өттү. Бул тууралуу жактоочу Жанат Гүлжигитов бүгүн, 16-октябрда билдирди.

Айтымында, биринчи соттук отурум 21-октябрда саат 14:00дө Бишкектин Октябрь райондук сотунда өтөт.

Эске салсак, 10-июлда Октябрь РИИБи иликтөө иштери башталганын маалымдаган болчу. Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишиндеги тергөөнү Башкы прокуратура көзөмөлгө алган. Бишкектин Октябрь РИИБи 31-августта шектүү катары Маматкулованын жолдошу кармалганын билдирген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» боюнча айыпталууда.

Айтургандын өлүмү коомчулукта резонанс жараткан. Белгилүү болгондой, ал 7-июль күнү Бишкектеги №4 клиникалык тез жардам ооруканасында каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айтып чыккан.

Бирок келиндин жакындары буга ишенбей турганын, анын өлүмүнө күйөө баласы себеп болушу мүмкүн экенин айтып SUPER.KG порталына кайрылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: