super.kg logo

"Ошондо унчукпайм". Дмитрий Биволдун мурдагы аялы андан батир жана акча талап кылды

 

Мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина унчукпай жүргөнү үчүн батир сатып берүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал социалдык баракчасында билдирди.

Анда Екатерина мурдагы жолдошу Бивол балдарына эки батир сатып берип жана эсеп ачуу керектигин айткан.

"Димакс, балдарыңа Санкт-Петербургдун борборунан батир сатып бер. Менин уулдарымдын ар бирине 100 миллион рублдан эсеп ач. Ошондо мен унчукпай калам. Мурдагы чемпион, сен буларды жаса. Эгер жок десең, мындан кийин сенде жеңиш бобойт", - деп билдирүү калтырган.

Белгилей кетсек, буга чейин Екатерина мурдагы күйөөсү Бивол алимент төлөбөй жатканын жана атаандашы Артур Бетербиевге бардык жаракаттарын айтып берген. Ал балдары менен Артур Бетербиевге жан тартарын кошумчалаган.

Ал эми 13-октябрда орусиялык мушкер Артур Бетербиев жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн чемпиону наамы үчүн беттеште Дмитрий Биволду жеңип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: