super.kg logo

Казакстандагы 16 жаштагы баланын өлүмү: Полиция дагы үч шектүүнү кармады

 

Казакстандын Талгар шаарында адам өлтүрүү фактысы боюнча кармалгандардын саны 10го жетти. Бул туурасында казак басылмалары ички иштер министринин биринчи орун басары Бауржан Аленовго шилтеме берип жазышты.

“13-октябрда дагы үч шектүүнү камакка алдык. Көзөмөлдөөчү камеранын жардамы менен аныкталган Volkswagen Golf үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу тергөө кызматына жеткирилди. Дагы эки шектүү өз ыктыяры менен келди”, - деп билдирген ал.

Белгилей кетсек, 13 адамдан турган топ ичимдик үчүн талгарлык Шерзат Болотту сабап кеткен. Ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан. Жеринде шектүү катары 7 жаран кармалган.

Ошондой эле 12-октябрга караган түнү өспүрүмдүн үйүнөн өрт чыгып, турак жай толугу менен күйүп кеткен.

Бул иштин алкагында Талгар районунун акиминин аппарат жетекчиси Аслан Касымбаев ээлеген кызматынан бошотулса, бир нече кызмат адамдарынын дициплинардык жоопкерчилиги каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: