super.kg logo
  Саясат  

Депутат түндө Төө-Ашууда миңдей адам калып калганын айтты (видео)

 

Депутат Таалайбек Сарыбашов парламенттин бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда жаралган тыгын боюнча маселе көтөрдү.

Айтымында, түндө Төө-Ашуудагы тыгында миңдей адам калып калган.

"Түндө Төө-Ашууда калган жарандардан кайрылуулар болуп жатты. Биз кышка даярбыз дейбиз, бирок түндө миңдеген адамдар Төө-Ашууда калып калышыптыр. Жакшы, ӨКМ жеринде убагында иштеп жатыптыр. Бирок үлгүрбөдү. Эртең менен жол ачылды. Ал жерде эң негизгиси кары-картаңдар, жаш балалуулар түнү менен кыйналыптыр. Тиешелүү министрликтерге тапшырма берип, көзөмөл кылбасак аябай оор болуп жатат.

Азыр жолдун бир тарабы ачылып, дагы деле миңдеген унаалар тыгында туруптур", - деди депутат.

Бүгүн, 16-октябрда ЖКККББ Бишкек-Ош унаа жолу толугу менен жабылып, жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Белгилей кетсек, кечээ, 15-октябрда Транспорт министрлиги Төө-Ашууда суу кар жаап, анын калыңдыгы 35-40 сантиметрге жеткендигин айткан. Анын натыйжасында жайкы дөңгөлөгү жана чынжыры жок чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, тыгын жаратып жаткандыгы белгиленген.






Депутат Төө-Ашуудагы тыгын боюнча

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: