super.kg logo
  Саясат  

Депутат Токтошев Орусияда кыргызстандык мигранттарга кысым болуп жатканын айтты

 

Бүгүн, 16-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Орусияда эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарга кысым болуп жатканын айтты.

Ал эки өлкө Евразия экономикалык биримдигине мүчө экенин эске салып, биримдиктеги кепилдиктер аткарылбай жатканын белгиледи.

"Биз ЕАЭБдин ичинде кызматташууну тереңдетүү боюнча мыйзамдарды кабыл алып жатабыз. Бирок ага карабастан Орусияда бизге кайрылган жарандарыбыз көп болуп жатат. Аларды кемсинтүү, басмырлоо, кыйноолор болууда. Аэропорттон кармап алып, “эмнеге келдиң?” деп суроо берип киргизбей жатышат. ЕАЭБге мүчө болгондо бизге берилген кепилдиктер эмне үчүн сакталбай жатат? Эмне үчүн биздин жарандар кыйналып жатышат?", - деди Токтошев.

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев быйыл жазында Москвада "Крокус Сити Холлдо" болгон теракттан кийин Орусия миграциялык саясатын күчөткөнүн айтты. Ал кыргызстандык мигранттарга жасалган мамилелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилеп, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине эки, үч жолу чакырылганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: