super.kg logo
  Саясат  

 "Сиз дагы өтпөй каласыз". Депутат Сулайманов мугалимдерге тест өтө эле оор түзүлгөнүн айтты

 

Бүгүн, 16-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов мугалимдерге түзүлгөн суроолорду сынга алды.

Анын айтымында, мугалимдер үчүн даярдалган тесттин суроолору өтө эле татаал. Ошондой эле ал түзүлгөн суроолордо керексиз маалыматтар камтылганын билдирди.

"Акылман" президенттик лицейине өттү баарына бирдей деп жатабыз. Чет өлкөдөн окууну бүтүп келген, президенттик лицейди бүтүргөндөр конкурсу жок кабыл алынат деп жатабыз. Силердин мугалимдерге, директорлорго, жетекчилерге койгон тесттеги талаптарыңар менен булар деле өтпөйт. Догдуркүл Шаршеевна, сиз өтө эле мугалимдердин тесттерин күчөтүп алдыңыз. Силердин суроолоруңарда мамлекеттик, саясий суроолор камтылган. Сиз суроолорду карап көрсөңүз, ал жерден сиз өзүңүз дагы өтпөй калышыңыз мүмкүн. Мен карап чыктым, суроолор ушунчалык оор, кереги жок маселенин баарын коюп алгансыңар", - деди эл өкүлү.

Ал эми Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева андай суроолор мугалимдерге керек экенин, мугалимдер ата-энелер, балдар менен иштеше турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: