Депутат Атамбаев жергиликтүү бийлик мугалимдерди жолду тазалоого мажбурлап жатканын айтты
Бүгүн, 16-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеид Атамбаев Аламүдүн районунун мектеп мугалимдеринен кайрылуулар келип жатканын билдирди.
Жыйында Атамбаев мугалимдер тарабынан жазылган катты окуду. Анда жергиликтүү өкмөт кызматкерлери аларды жолду тазалоого мажбурлап жатканы жазылган.
"Мектептин айланасын тазалоого макулбуз. Бирок жолду дагы тазалоого мажбурлап жатышат. Мугалимдин кадыр-баркы кандай болот? Айыл тургундары өздөрүнө тиешелүү жер тилкелерин тазалашса болбойбу?" - деди депутат.
Ошондой эле эл өкүлү билим берүү жана илим министри Догдургул Кендирбаевага кайрылып, кырдаалды жөнгө салууну өтүндү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

