Түркияда кайрадан катуу жер титирөө болуп, адамдар көчөгө чуркап чыгышты
Түркиянын чыгышында күчү 6,1 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Бул тууралуу Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди.
Күчтүү жер титирөө бүгүн, 16-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:45те катталган. Адистердин айтымында, жер титирөөнүн очогу 441 миңдей калкы бар Малатья шаарынан 47 чакырым чыгышта жайгашкан. Жер титирөөнүн очогу 9 чакырым тереңдикте болгон.
Жер титирөө Малатья провинциясында гана эмес, эки коңшулаш Диярбакыр жана Элязыг шаарларында дагы сезилген. Такталгандай, жер титирөө жергиликтүү тургундарды дүрбөлөңгө салып, табигый кырсыктан чочуп, көчөгө чуркап чыгышкан.
Азырынча кыйраган имараттар тууралуу маалымат жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.