super.kg logo

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

 
Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” жана “Арал” көзөмөл өткөрмө жайлары оор жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды. Бул жөнүндө бүгүн, 16-октябрда “Кыргызавтожол-Түндүк” мекемесинен билдиришти.
Кабарда айтылгандай, №9 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери кызуу жүрүүдө.
Мекеме айдоочуларды ашуу тилкелерге сөзсүз кышкы дөңгөлөк менен чыгышы керектигин эскертти.

Белгилей кетсек, кечээ, 15-октябрда Транспорт министрлиги Төө-Ашууда суу кар жаап, анын калыңдыгы 35-40 сантиметрге жеткендигин айткан. Анын натыйжасында жайкы дөңгөлөгү жана чынжыры жок чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, тыгын жаралганы белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: