"Асыл тукум түзүп жатасыңар". Депутат Масалиев президенттик лицей боюнча мыйзамды сынга алды
Бүгүн, 16-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев бир мектептин бүтүрүүчүлөрүнө өзгөчө шарт түзүп берүү теңсиздикти жаратарын айтты.
Жыйында "Акылман" президенттик лицейинин жана "Эл үмүтү" стипендиясынын бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылык берүү боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан.
"Мына билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева лицей, гимназия дегендер жоюлуп, балдар тең болуш керек деген саясат жүргүзүп жатат. Ал эми силер дагы өзгөчөлүк, "асыл тукум" түзүп жатасыңар. Болмок беле? Кесиптештерим кагазга ороп айтып жатат. Бул социалдык теңсиздикти жаратат. Айылдагылар ал жактан билим ала албайт. Баары тең болушу керек", - деди Масалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

