Жээнбек Кулубаев британиялык кесиптеши менен телефондон сүйлөштү
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми телефон аркылуу сүйлөштү. Алардын баарлашуусу кечээ, 15-октябрда орун алганын ТИМден маалымдашты.
Ага ылайык, тараптар анда эки өлкөнүн саясий, экономикалык, инвестициялык чөйрөлөрдөгү, энергетика, экология, климаттын өзгөрүүсү боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Министр Дэвид Лэмми журналисттерге каршы акыркы сот чечимине көңүл бурду. Өз кезегинде Министр Кулубаев мындай чечимди бийликтин көз карандысыз бутагы болгон сот органдары кабыл алганын белгиледи.
Сүйлөшүүнүн соңунда тышкы иштер министрлери саясий байланыштарды улантуу жана өз ара сапарларды уюштуруу жаатында ишти улантуу боюнча өз ара макулдашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

