super.kg logo

"Туулган күнүмдө иштейм". Хит ырлардын аткаруучусу Каныкей 37 жашка толду

 

Бүгүн, 16-октябрда Маданияттын мыкты кызматкери, ырчы Каныкейдин туулган күнү. Ал бул жылы 37 жашка толду. Ырчы айымды туулган күнү менен жакындары, кесиптештери социалдык тармактарда куттуктап жатышат.

Ал эми ырчы Каныкей туулган күнүндө концертте боло турганын Инстаграм баракчасында билдирди.

"Туулган күнүмдө иштейм", - деп билдирүү калтырган ал.

Каныкей 1987-жылы 16-октябрда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Мектепти аяктаган соң Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык училищенин эстрадалык вокал жана Кыргызстан эл аралык университетинин финансы жана кредит бөлүмүн бүтүрүп, Кыргыз улуттук консерваториясынан да билим алган.

Ыр дүйнөсүнө 2005-жылы "Поющий город" сынагына катышкандан кийин аралашып, 2006-жылдан баштап "Каныкей" продюсердик долбоорун түзүп, иштей баштаган. Анын "Коё бергин мени, кайгы", "Жүрөк сыздайт", "Көпөлөк", "Садагам" деген ырлары элдин сүймөнчүлүгүнө айланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: