super.kg logo

Өлкөдөгү балдар бакчаларынын жетекчилерин тандоонун алгачкы этабы болду

 
Бишкекте өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы жетекчилердин бош орундарына конкурстук тандоонун тесттирлөөсү ѳткѳрүлдү. Бул туурасында бүгүн, 16-октябрда Билим берүү министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, жалпы 762 бош орун бар.
"Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору белгиленген тартипте конкурсту уюштурууну жана ѳткѳрүүнү камсыздоодо. Тандоо Министрлер кабинетинин “Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну ѳткѳрүүнүн тартиби жѳнүндѳ” жобону бекитүү тууралуу чыгарган токтомуна ылайык жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда беш же андан көп жыл иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, жетекчиликке кадрларды тандоо сынактын негизинде жүргүзүлө тургандыгын айткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: