super.kg logo

Казакстандагы жол кырсыктан 6 өзбек жараны каза болгондугу айтылды

 

Мангистау облусундагы жол кырсыкта алты чет элдик жаран каза болду. Алардын баары Өзбекстандын жарандары экендигин казак басылмалары жазышты.

Өлкөнүн полиция департаментинин маалыматы боюнча, Бейнеу – Тажен унаа жолунда Jac үлгүсүндөгү жеңил унаа чек арадан өтүү үчүн жол жээгинде кезекте турган MAN жүк ташуучу унаасын сүзүп ала салып кеткен.

Маалымдалгандай, унаада жалпы 10 жүргүнчү болгон. Жаракат алгандар оорукагана жеткирилип, абалы туруктуу экендиги айтылды.

Аварияга катыштыгы бар унаалардын баары Өзбекстанда катталгандыгы маалыматта кошумчаланган. Алар жүргүнчүлөрү менен Орусиядан өз мекенине кайтып келе жатышканда кырсыкка учураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: