super.kg logo
  Спорт  

Өлкөнүн эки спортчусу Пенчак Силат спорту боюнча Азия чемпиондугунан алтын алышты

 

Кыргызстандын Пенчак Силат боюнча улуттук курама командасы Азия чемпиондугунда 5 медаль жеңди. Бул туурасында бүгүн, 16-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалымдалгандай, спортчулар жеңген медалдардын экөө алтын, үчөө күмүш.

Чоңдор арасында 70 килограммга чейинки салмак категориясында Алижан Аблагатов жана кыздар арасында 30 килограммга чейинки салмак категориясында Арууке Бикбоева Азия чемпиондору болушту.

Ошондой эле Бексултан Алыбеков, Темир Бикбоев жана Азат Бейшенбеков өз салмак категорияларында 3-орунду ээлешти. Курама башкы машыктыруучу Каныбек Бикбоевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Айта кетсек, мелдеш 7-16-октябрь күндөрү Өзбекстандын Бухара шаарында өткөн.

Маалымат үчүн: Пенчак Силат - Индонезиянын улуттук спорту. Кыргызча "куралсыз кармашуу" дегенди түшүндүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: