super.kg logo

Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөө киргизилди  (видео)

 

Сосновка постунда саат 19:10дон тарта кайрадан оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Транспорт министрлиги тарабынан жолду тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Азыркы тапта Төө-Ашууда катуу бороон болууда.

"Транспорт министрлиги зарылчылык болбосо жарандардан алыс жолго сапар алуудан карманып турууга чакырат.

Ошондой эле аба ырайын эске алуу менен ашуу аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууну суранат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 15-октябрда Транспорт министрлиги Төө-Ашууда суу кар жаап, анын калыңдыгы 35-40 сантиметрге жеткендигин айткан. Анын натыйжасында жайкы дөңгөлөгү жана чынжыры жок чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, тыгын жаралганы белгиленген.






16.10.2024

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: