super.kg logo

Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн казак жарандары кармалды

 

Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн чет өлкөнүн жарандары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-октябрда милиция кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарында Т.К. жана З.К. аттуу эки жаранды кармашты.

Текшерүү учурунда алар 6-октябрдан 7-октябрга караган түнү Казакстандын Жамбыл облусунун Тараз шаарынан Кыргызстандын Талас облусуна чек араны бузуп, мыйзамсыз өтүшкөнү аныкталган.

"Аталган жарандар Казакстандын жарандары экени аныкталып, алардын бири өз өлкөсүндө тоноочулук фактысы менен кылмыш жообуна тартылып, бирок тергөөдөн качып кетүү максатында чек араны бузуп Кыргызстанга мыйзамсыз киргендиги такталган", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: