super.kg logo

Кытай АКШ менен достошууга даяр экенин билдирди

 

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кытай менен АКШнын ийгиликтүү өнөктөштүгү эки өлкө үчүн тоскоолдуктарга эмес, бири-биринин өнүгүүсүнө жардамчы болууга мүмкүнчүлүк экенин айткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Кытай АКШнын өнөктөшү жана досу болууга даяр. Бул эки өлкөгө гана эмес, бүткүл дүйнөгө пайда алып келет”, - деп Си Цзиньпин АКШ-Кытай мамилелери боюнча улуттук комитеттин жылдык сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөгөн.

Эки өлкө буга чейин улуттук коопсуздук маселелери, соода талаштары, ошондой эле Кытайдын Түштүк Кытай деңизиндеги аракеттери жана Тайвандын жанындагы аскердик машыгуулары боюнча пикир келишпей жүрүшкөн.

Соода мамилелери өткөн жылы начарлап, электр унааларына жана алдыңкы жарым өткөргүчтөрдү чектөө сыяктуу маселелер болгон.

"Кытай ар дайым АКШ менен өз ара урматтоо, тынчтыкта ​​жанаша жашоо жана утушка ээ кызматташуу принциптерине ылайык мамилени сактап келген жана Кытай менен АКШнын ийгилиги бири-бири үчүн мүмкүнчүлүк деп эсептеп келген", - деп кошумчалаган Си.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: