Майк Тайсон Биволду да, Бетербиевди да жеңе турган мушкерди атады
Легендарлуу америкалык мушкер Майк Тайсон эки жеңил салмактагы лидер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволду жеңе турган мушкерди атады.
"Мен Дэвид Бенавидес жеңил салмактагылардын баарын жеңе алат деп ишенем", - деп билдирген Тайсон.
Белгилей кетсек, Бенавидез WBC версиясы боюнча жеңил салмактагы убактылуу чемпиону. Бенавидез бул дивизиондо дебютун июнь айында жасап, калыстардын чечими менен Александр Гвоздыкты жеңген.
Ал эми Бетербиев менен Биволдун ортосундагы мүмкүн болгон реванштын жеңүүчүсү менен Бенавидес жолугат, анткени ал титулдардын бирине милдеттүү атаандаш.
Ошол эле учурда Бенавидес 2025-жылдын январь айында жеңил салмактагы WBA версиясы боюнча туруктуу чемпион Дэвид Моррелл менен беттешет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.