super.kg logo

Салык кызматы: Күйүүчү майдан эки аптада казынага 200 миллиондон ашык сом түштү

 

Салык кызматы "Учкун" ААКсынын отунду маркалоо оператору менен биргеликте маркалоо системасы киргизилгенден бери 4,9 миң тонна бензин жана дизелдик отунду маркалады. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Салык кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 1,3 миң тонна дизелдик отун жана 3,6 миң тонна бензин маркаланды.

Ал эми милдеттүү маркалоо киргизилгенден бери, октябрь айынын алгачкы 14 күнүндө күйүүчү-майлоочу майга акциз салыгынан 219 миллион сом түшкөн. Бул 2023-жылдын октябрь айындагы жалпы түшүүлөрдүн деңгээлине туура келет.

Эскерте салсак, 1-октябрдан тартып Кыргызстанда молекулярдык маркерлерди колдонуу менен импорттолуучу жана өлкөдө өндүрүлгөн бензин менен дизелдик отунду милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген.

"2025-жылдын 1-январынан тартып маркасы жок бензинди жана дизелдик отунду жүгүртүүгө тыюу салынат.

Маркалоо системасын колдонуу КММнын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүгө, керектөөчүлөр үчүн отундун сапатын жогорулатууга жана акциз салыгын башкарууну жакшыртууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: