super.kg logo
  Спорт  

Атактуу футболчу Килиан Мбаппе 6 жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн

 

Мадриддик "Реалдын" чабуулчусу Килиан Мбаппе акыркы чуулгандуу жаңжалга күнөөлүү деп табылса, алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Швециянын мыйзамдарына ылайык, франциялык футболчу кызды зордуктаганы далилденсе, анда 6 жылга эркинен ажыратылат. Белгилей кетсек, Мбаппе чындап эле шектүүлөрдүн тизмесинде бар.

Эскерте кетсек, буга чейин Швеция полициясы Килиан Мбаппе жана анын досторунун Стокгольмдогу мейманканалардын бириндеги зордуктоо фактысын иликтей баштаган. Футболчунун өзү бул маалыматты "фейк" деп атаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: