super.kg logo
  Саясат  

Жергиликтүү кеңешке шайлоо: Бүгүн талапкерлерди каттоонун акыркы күнү

 

Бүгүн, 17-октябрь айылдык кеңештерге шайлоого талапкерлердин документтерин кабыл алуунун акыркы күнү. Бул жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында айтылат.

Билдирүүгө караганда, айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 17-октябрь саат 18:00гө чейин жүргүзүлөт.

Республика боюнча жалпысынан 1259 шайлоо округундагы 231 айылдык кеңешке шайлоо белгиленген. Мандаттардын жалпы саны 5391.

Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 17-ноябрда өтөт. 6-сентябрда президент Садыр Жапаров "Жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койгону маалым болгон. Ал эми жергиликтүү кеңештин депутаттары аймактарда жана шаарларда административдик-аймактык реформанын жүргүзүлүшүнө байланыштуу таркатылган. Ага жалпы мамлекеттик бюджеттен 495 миллион 718 миң 400 сом жумшалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: