super.kg logo

Түндүк Корея расмий түрдө Түштүк Корея менен биригүүдөн баш тартты

 

Түндүк Корея өлкөнүн жаңы конституциясы Түштүк Кореяны расмий түрдө “душман мамлекет” катары белгилей турганын ырастады. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда DW басылмасы жазды.

Анда белгиленгендей, буга чейин Түндүк Корея менен Түштүк Кореяны бириктирген автомобиль жана темир жолдордун түндүк тилкелери жардырылган. Бул Түштүктү душман мамлекет катары так аныктаган Түндүк Кореянын конституциясынын талаптарына ылайык көрүлгөн сөзсүз жана мыйзамдуу чара болгон.

Ошентип, Түндүк Корея расмий түрдө Сеул менен биригүү идеясынан баш тартты. Түндүк Кореянын өзгөртүлгөн конституциясы тууралуу башка маалымат айтылган жок.

Түндүк Корея 15-октябрда Түштүк Кореяга баруучу жолдорду жардырганын Түштүк Кореянын "Рёнхап" маалымат агенттиги билдирген. Басылма бул жолдор мурда Кореялар аралык кызматташтыктын символу катары саналып келгенин жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: