super.kg logo

Нигерияда бензин ташыган унаа жарылып, 147 адам каза тапты

 

Нигерияда күйүүчү май ташыган унаанын жарылуусунан каза болгондордун саны 147ге жеткенин, дагы 100гө жакын адам ооруканага жаткырылганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматтарга караганда, кырсык 15-октябрга караган түнү Жигава штатында болгон. Анда күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетип, жергиликтүү эл күйүүчү майды чогултуп баштаганда жарылуу орун алган. Полиция ал учурда элди токтотууга аракет кылган, бирок алар баш ийишкен эмес. Ал эми күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу кармалган.

Нигерияда мындай окуя сентябрь айында да болгон. Анда күйүүчү май ташыган унаа менен жүк ташуучу унаа кагышып, 59 адамдын өлүмүнө алып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: