super.kg logo
  Саясат  

Жергиликтүү кеңешти шайлоо: Шаардык кеңешке талапкерлерди каттоо аяктады

 

Өлкөнүн 33 шаарында шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо аяктады. Бул жөнүндө БШКдан билдиришти.

Ага ылайык, шаардык кеңештерге шайлоого 39 саясий партия катышууда.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт.

"Шайлоого катталган талапкерлердин саны 4928 (анын ичинен 3183 эркек, 1745 аял) түздү", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 6-сентябрда президент Садыр Жапаров "Жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койгону маалым болгон. Ал эми жергиликтүү кеңештин депутаттары аймактарда жана шаарларда административдик-аймактык реформанын жүргүзүлүшүнө байланыштуу таркатылган. Ага жалпы мамлекеттик бюджеттен 495 миллион 718 миң 400 сом жумшалат. Шаардык кеңештеги шайлоо партиялык тизме менен өтөт, шайлоо босогосу 7ден 5 пайызга түшүрүлгөн.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 16-октябрда алдыда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу кайрылуу жасап, кыргызстандыкты шайлоого активдүү катышууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: