super.kg logo
  Саясат  

Депутат Сарыбашов Орусиядагы мигранттардын балдарын онлайн окутууну сунуштады

 

Бүгүн, 17-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Орусияда эмгектенип жүргөн кыргызстандык жарандардын балдарын онлайн окутууну сунуштады.

Эл өкүлү Орусиянын мамлекеттик мектептери мигранттардын балдарын албай жатканын айтты.

"Курулушта, ар кандай жумуштарда иштеген мигранттардын жеке менчик мектептерге балдарын берүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Биз жарандарыбызга колдоо көрсөтүшүбүз керек. Алар жыргаганынан барышкан жок. Билим берүү министри мигранттардын балдарын онлайн окута турган программа иштеп чыксын", - деди Сарыбашов.

Ошондой эле эл өкүлү көйгөйлүү маселе боюнча парламент Орусиянын Мамлекеттик Думасы менен сүйлөшүүлөргө барышы керектигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: