super.kg logo

Канттагы өлүкканада жоголгон сөөк мүрзөдөн табылып, эксгумация болду

 

Канттагы мейитканада жоголгон жансыз дене мүрзөдөн табылып, кайра алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков бүгүнкү жыйында айтты.

Депутат өлүкканада жоголгон сөөк бүгүн кайра жерге берилип жатканын айтты.

"Баарына рахмат, Канттын мэрине рахмат. Сөөк табылды, орустардын мүрзөсүнө көмүлгөн экен. Сөөк чыгарылып, кайра экспертиза кылышып, мүрзөдөн орун беришти. Жалал-абаддык жигит экен. Бүгүн жаназасы окулуп, жерге берилип жатат. Оперативдүү иштегендердин баары Кант шаарында. Эми баягы кичине ызы-чуу болуп кетти. Бирок бардыгын оперативдүү кылганы үчүн баарына рахмат", - деди Таштанбеков.

11-октябрда Жогорку Кеңештеги “Элдик” депутаттык тобу жана “Альянс” парламенттик фракциясынын биргелешкен жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков Жалал-Абаддын тургуну инисинин сөөгүн моргдон таппай калгандыгын айткан.

Андан кийин эле Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы бул факты боюнча кылмыш ишин козгогон.






Депутат Канттагы өлүкканада жоголгон сөөк табылганын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: