super.kg logo

Чүйдө 2,5 миллион сомдук баңгизатты сатуу үчүн даярдагандар кармалды (видео)

 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы баңгизаттарды сатып жүргөнгө шектүү жарандар кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине И. аттуу жаран өз ыктыяры менен гашиш баңгизатын өткөрүп берген. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылында жайгашкан үйлөрүнүн биринен 37 жаштагы Б.Т жана А.Н. аттуу шектүүлөр кармалган.

"Алардын жашаган жерин тинтүүгө алганда үйдүн жер төлөсүнөн сатууга даярдалып, баштыкчаларга салынган 1150 даана өзгөчө жыты бар зат табылган. Ошондой эле муздаткыч менен шкафтын ичинен баңгизаттар алынган. Табылган заттардын жалпы салмагы 26 килограмм 907 граммды түзгөн. Ар бир даярдалган баштыкча 2 миң сомдон сатылмак, жалпы болжолдуу баасы 2 миллион 500 миң сомго бааланган", - деп айтылат маалыматта.

Милиция кармалгандар убактылуу жайга киргизилгенин белгиледи.






17.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: