super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бишкек-Ош унаа жолундагы ашууга галерея курууну сунуштады 

 

Бүгүн, 17-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков Бишкек-Ош унаа жолундагы тыгын маселесине токтолуп, "Төө-Ашуу" ашуусуна галерия куруу керектигин айтты.

Анын айтымында, ашууга галерия курулса тыгын көйгөйү жаралбайт.

"Эки күндөн бери Төө-Ашуу ашуусундагы тыгынды баарыбыз көрүп жатабыз. Бул эми аба ырайынын кескин өзгөрүп кетишинен болуп жатат. Мына ушундай көйгөйлөр жаралбашы үчүн мамлекеттик деңгээлде проект иштеп чыгуу керек.

Ашууга галерия курулушу керек. Акыркы чокудагы 3 серпонтинге галерия, заманбап тунелдер курулса ичи кургак болот, ошол жерде тыгындар болбойт. Алмаз Акунжанович, сиз өзүңүз дагы бул маселени карап көрсөңүз. Транспорт министрлиги ушунун үстүнөн иштеп чыкса, учурда эң кооптуу жер ошол. Ылдый жактан унаалар жакшы эле көтөрүлүп барат, акыркы чокуга келгенде тыгын башталып жатат. Ал жерге жакшы галерея курулса кечээки көйгөйлөр болбойт", - деди эл өкүлү.






Депутат Бишкек-Ош унаа жолундагы "Төө ашуу" ашуусуна галерея курууну сунуштады 

Депутат Бишкек-Ош унаа жолундагы "Төө ашуу" ашуусуна галерея курууну сунуштады 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: