super.kg logo

Бетербиев Дмитрий Биволдун мурдагы аялынын колдоосу боюнча билдирүү жасады

 

Бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Артур Бетербиев Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Эр-Риядда өткөн беттеште мурунку күйөөсүнө каршы чыкканына реакция жасады.

Анда Бетербиев Екатерина Биволдун мурдагы күйөөсүнө каршы чыкканы ал үчүн жагымсыз болгонун айтты.

"Бул тууралуу, чынын айтсам, алгач билген эмесмин. Билгенден кийин мен үчүн жагымсыз болду", - деген Бетербиев "СЭ" басылмасына.

Дмитрий менен Екатерина Бивол 2007-жылдан бери мамиледе болчу. Жубайлардын эки уулу бар: Мирон жана Никон. 2023-жылы 6-июнда Екатерина мушкер менен мамилесин үзгөнүн жарыялаган.

Эр-Риядда өткөн бокс боюнча мелдеште Артур Бетербиев Дмитрий Биволду калыстардын чечими менен жеңип алган. Бул беттештин алдында Екатерина Бивол уулдары менен чогуу Артур Бетербиевди колдой турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: