super.kg logo

УКМК ЦУМда телефондорду мыйзамсыз каттагандарды кармады (видео)

 

УКМК Бишкектеги "ЦУМ" соода борборунун жер төлөсүнөн импорттолгон уюлдук телефондорду мыйзамсыз жол менен каттаган жарандарды кармады. Бул туурасында атайын кызматтын маалымат борбору кабарлады.

Маалымдалгандай, алар мамлекеттик идентификациялоо системасын ишке ашыруунун алкагында мобилдик түзүлүштөрдү алып келүүнүн жана каттоонун белгиленген эрежелерин одоно бузган.

Белгилей кетсек, өлкөгө уюлдук телефондорду сатууга же башка максатта алып келген жаран идентификациялык жол-жоболорго ылайык аларды каттоого тийиш.

Ага карабастан, телефондорду каттоодогу бажы жол-жоболорун буйтап өтүп, ошондой эле жеке адамдар тарабынан идентификациялоо системасынын талаптарын жана иштөө шарттарын бузуу менен мобилдик түзүлүштөрдү башаламан каттоо схемасы уюштурулуп, кеңири жайыла баштаган.

Буга байланыштуу 16-октябрда жогоруда аталган мыйзамсыз иштердин негизги уюштуруучулары катары А.С., Ю.Ж., У.Р. жана С.O. аттуу жарандар кармалды.

Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча аракеттер көрүлүүдө.






ЦУМ соода түйүнүндө уюлдук телефондорго мыйзамсыз каттоо жүргүзгөндөрдүн ишине бөгөт коюлду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: