super.kg logo
  Саясат  

"Кайык менен өтүшөт". Депутат өкмөттөн Кызыл-Бейит айылынын көйгөйүн чечүүнү өтүндү

 

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев Жалал-Абад облусунун Кызыл-Бейит айылы тууралуу маселе көтөрдү.

Ал айылда дагы деле электр энергиясы жок экенин, жашоочулар Нарын дарыясынан кайык менен өтүп жатканын айтып, 21-кылымда мындай маселелер болбошу керектигин белгиледи.

"300дөй киши жашаган айылдын көйгөйү 21-кылымда дагы деле чечиле элек. Электр энергия, жол деген жок, жашоо шарты татаал. Окуучулар 30 чакырым аралыктагы Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларына барып окушат экен. Айыл эли Нарын дарыясынан өтүп туруу үчүн бир кайыкчыны жалдашыптыр. Акыркы 30 жылда 40 адам сууга чөгүп каза болуптур. Мындан улам "өкмөт бир кичинекей айылга кайык алып берип, кайыкчынын айылыгын төлөп бере албай койду" деген көйгөй жаралбай койбойт", - деген эл өкүлү өкмөттөн маселени чечүүнү өтүндү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: