super.kg logo

Ооганстандын 250дөй мигрантын ирандыктар өлтүргөн болушу мүмкүн. Факт иликтене баштады

 

Ооган бийлиги Иран-Пакистан чек арасында 250дөй мигранттын өлтүрүлүшү мүмкүндүгүн иликтей баштады. Бул тууралуу Ооганстан бийлигинин расмий өкүлү Забихулла Мужахид социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, чек арада мигранттардын массалык түрдө өлтүрүлүшү ыктымалдыгы тууралуу маалымат ЖМКларда пайда болгон.

"Ооганстандын ар кандай мекемелери бул окуяны иликтеп жатышат. Азырынча так маалымат жок. Маселе такталгандан кийин бул боюнча керектүү чечим кабыл алынат", - деп жазган ал.

Буга чейин оогандык басылмалар ирандык адам укугун коргоочу Haalvsh уюмуна шилтеме жасап, 13-октябрь күнү кечинде ирандык чек арачылар Пакистандан өлкөгө мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган ооган мигранттарына Шахрестан-Сераван чек ара бекетине жакын жерден ок чыгарганын кабарлашкан. Ирандын укук коргоочуларынын айтымында, анын кесепетинен 250дөй адам набыт болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: