super.kg logo

Орусияда эки миңден ашык мыйзамсыз жүргөн мигрант чыгарылат

 

Москвада бир жумага созулган “Нелегал-2024” операциясынын экинчи этабынын жыйынтыгы менен 2 миңден ашуун мигрант Орусиядан чыгарылат. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Иш-чаранын алкагында Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын милиция кызматкерлери тарабынан 13 миңден ашык миграциялык мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

"Административдик материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча, сот органдары тарабынан Орусиянын аймагынан 2 миңден ашык чет өлкөлүк жарандарды административдик чечим менен чыгаруу кабыл алынган. Чет элдик жарандарды депортациялоо боюнча 20 токтом кабыл алынып, алардын 12си депортацияланган", - деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматы.

Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин беренелери боюнча мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча 420 кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: