Балыкчы-Кочкор унаа жолу бир жумада үч жолу жабылып турат
16-октябрдан тарта ар дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү Балыкчы-Кочкор унаа жолу жабылып турат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Ага ылайык, аталган жол саат 08:00дөн 17:30га чейин аталган жолдун Кубакы ашуусуна бурулушка чейинки 39+90 чакырымдан 42+90 чакырымга чейин 1 ай аралыгында жабылат.
"Аталган тилкенин жабылуусу “Балыкчы-Кочкор темир жол куруу долбоорунун” курулушунун ишке ашыруунун алкагында долбоорлонгон темир жол тилкесинин 37-чакырымдан 43-чакырымга чейинки аралыкта аска таштарды бургулоо жана жардыруу иштери жүргүзүлүшүнө байланыштуу", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.